Дуу-Дуу

Википедия дан

Дуу-Дуу — кытай административдик мансабы. Д-д. "Манас" эпосуна 18—19-кылымдагы кыргыздар менен кытайлардын ортосундагы карым-катнаштарынын натыйжасында кирип калган. Д.-д. эпосто кээде кытайдын, кээде калмактын мансабы катары айтылганы менен негизинен Кытай империясындагы шаар губернатору маанисин билдирет. Буга орус сүрөтчүсү Н. Рерихтин 1925-ж. кытай аймагынан өтүп баратып үрүмчүлүк кыргыздардын Д.-д-ну Дуту деп айтарын жазып алганы далил болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4