Дуэйн Жонсон

Википедия дан
Дуэйн Жонсон
Портрет
Төрөлгөндөгү аты:

Дуэйн Дуглас Жонсон

Туулган датасы:

2-май 1992-жыл

Туулган жери:

Хейвард, Калифорния, АКШ

Жарандыгы:

АКШ,Канада

Сыйлыктары:

Teen Choice Awards

Дуэйн Дуглас Жонсон (англ. Dwayne Douglas Johnson; 1972-жылы 2-май) – The Rock (кырг. сөзмө-сөз, Зоо) жасама аты менен таанымал болгон америкалык актер, продюсер жана күрөшчү-профессионал. Жонсон Америка жана Канаданын жараны.

Калифорнияда туулган жана Жаңы Зеландияда менен АКШнын Гавайи жана Пенсильвания штаттарында чоңоюп өскөн Жонсон колледж фотболчусу катары Майами университетинин атына ойноп чыгып 1991-жылы Miami Hurricanes футбол командасы курамында улуттук чемпионатты уткан. Кийинчирээк Жонсон Канада футбол лигасы учурунда "Калгари Стампидерс" командасы курамында чыккан, 1995-жылдын сезонунда эки ай ойногон жок. Мындай шарттардын натыйжасында Жонсон таятасы Питер Майвия жана атасы Рокки Жонсондой (канадалык жарандыкка ээ кылган) күрөшчү-профессионал болууну чечкен.

Учурда WWE компаниясы менен жарым күндүк иш келишимине кол койгон Жонсон World Wrestling Federation (WWF, учурда WWE) федерациясында, 1996-2004-жылдар арасы компаниянын Attitude Era заманы учурундагы жылдызы болуп атактуулукка жеткен жана компаниянын тарыхындагы биринчи үчүнчү муундагы күрөшчүсү болгон. Жонсон 2011-2013-жылдар арасы WWE компаниясынын жарым күндүк күрөшчүсү болуп күрөштөн тышкары мезгилсиз күрөштөрүн уланткан. Жонсон WWE чөйрөсүндө 17 биринчиликке ээ болгон, анын ичинде 10 дүйнөлүк чемпиондугу, WWF/WWE чемпиондук наамга сегиз жолу татыган (жетинчиси – WWE талашсыз чемпиону) жана WCW/Дүйнөлүк чемпионат (эки жолу). Жонсон эл аралык WWF чемпионатын эки жолу уткан, ал эми WWF Tag Team чемпионатын беш жолу. Жонсон WWE тарыхында Triple Crown наамына жеткен алтынчы чемпиону жана 2000-жылдын Королдук күрөшүүнүн жеңүүчүсү. Жонсон эң мыкты күрөшчү-профессионалдардын бири катары таанымал.

Жонсондун "Роктун айтканы боюнча..." (англ. The Rock Says…) өмүр баяны Жо Лайден менен бирге жазылып 2000-жылы жарыкка чыккан. Китеп The New York Times гезитинин "Эң көп сатылган китептер" тизмесинде 20 апта бою биринчи болгон жана катуу мукаба китебинин гана 720000 копиясы сатылган. "Чаяндар падышасы" (англ. The Scorpion King, 2002) тасмада Жонсон өзүнүн алгачкы башкы ролун аткарган. Бул роль үчүн актерго 5,5 миллион доллар төлөнүп, биринчи жолу башкы роль аткарган актерго төлөнгөн рекордтук акы төлөөсү болгон. Бул ролдон кийин бир канча тасмаларда тартылган актер тасма франшизаларды жандандыруу жөндөмдүлүүгү менен таанымал болгон. Актердун эң мыкты ролу "Тез жана каардуулар" (англ. The Fast and the Furious) франшизадагы Лүк Хоббстун ролун аткарышы болуп эсептелет; франшизанын акыркы тасмасы "Каардуунун тагдыры" (англ. The Fate of the Furious) тасмасы 2017-жылы жарыкка чыккан жана дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиард доллардык кассалык чогултууларды жыйнап 2017-жылдын эң кирешелүү экинчи тасмасы жана баардык замандын эң кирешелүү жыйырманчы тасмасы болгон. Жонсон "Каарман" (англ. The Hero) мелдеш телесериалдын алпаруучусу жана продюсери болгон, ошондон бери ал Seven Bucks Productions компаниясы аркылуу телесериал жана тасмалардын чыгаруусун уланткан, ошондой эле Жонсон өзү алардын ар бирөөсүндө тартылган. Forbes журналы Жонсонду "2013-жылдын 100 эң күчтүү жылдыздары" тизмесинде 25-орунга жайгаштырган. 2016-жылы актер дүйнө боюнча иш акысын көп алган актер болгон. Ошондой эле 2016-жылы Time журналы Жонсонду "Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 инсан" тизмесине кошкон. 2015-жылы Muscle & Fitness Жонсонду өздөрүнүн "Кылымдын адамы" деп аташкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]