Дьяконов Евгений Евгеньевич

Википедия дан

Дьяконов Евгений Евгеньевич (1941-ж. туулган, Россия Федерациясы, Горький облусу, Ветлуга шаары) – айыл чарба илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1964), Кыргызстан мал чарба ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн. Ат-Башы асыл тукум куш өстүрүү чарбасында зоотехник, Кыргыз ССР Айыл чарба министрлигинде зоотехник, Кыргызстан мал чарба ИИИде илимий кызматкер, Республикалык селекция асыл тукум куш өстүрүү чарбасында директор, 1976-жылдан Кыргызстан мал чарба ИИИде бөлүм башчы. Үй куштарын өстүрүү, көбөйтүү, генетикасы боюнча адис. Ал 100дөй илимий эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын, 1 ойлоп табуунун автору. Тооктун кыргыз породасын чыгарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1