Дэвид Ли Рот

Википедия дан

Дэвид Ли Рот (англ. David Lee Roth; 1954-жылы 10-октябрь) - америкалык рок-вокалист, музыкант, ыр жазуучу, актер, автор жана мурунку радио алпаруучу. 2007-жылы Рот Рок-н-роллдун атак-даңк музейине кошулган. Рот Van Halen рок-тобунун алгачкы (1974-1985) жана учурдагы (2006-азыркы убакытка чейин) башкы вокалисти катары таанымал. Ошондой эле Рот соло ырчы катары RIAA тастыктамалоосунун алтын жана ак алтын тастыктамаларына татыктуу болгон көптөгөн чыгармаларды жараткан. Жыйырма жыл өткөн соң, 2006-жылы Van Halen кайрадан биригип, алардын Түндүк Америкалык туру топтун тарыхындагы жана 2006-жылдын эң көп кассалык чогултуусу менен белгиленди. 2012-жылы Рот менен Van Halen A Different Kind of Truth (кырг. Чындыктын башка түрү) альбомун жаздырып чыгарган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]