Дэвид Швиммер

Википедия дан

Дэвид Лоуренс Швиммер (англ. David Lawrence Schwimmer; 1966-жылы 2-ноябрь) – америкалык актер, режиссер жана продюсер. Швиммер Флашингта (Куинс, Нү-Йорк) туулган, актер эки жашка чыкканда, үй-бүлөсү Лос-Анжелеске көчкөн. Швиммер актердук ишин Беверли-Хиллзтеки жогорку мектепте, пьесаларда роль аткаруусу менен баштаган. 1988-жылы актер Түндүк-Батыш университетин аяктап, театр жана чечендик өнөр адистиги боюнча бакалавр даражасына ээ болгон. Университетти аяктаган соң, Швиммер, Lookingglass Theatre Company компаниянын кош-негиздөөчүсү болот. 1980-жылдардын аягында, Швиммер Лос-Анжелесте, жашоо үчүн күрөшкөн, жумушсуз актер катары өмүр сүргөн.

Актер 1989-жылы "Жымжырт" (англ. A Deadly Silence) аталышындагы телевизиондук тасмада тартылып бир канча телевизиондук ролдорду аткарган, алардын ичинде: "Лос-Анжелес мыйзамдары" (англ. L.A. Law), "Укмуштуу жылдар" (англ. The Wonder Years), "Нү-Йорк полициясы" (англ. NYPD Blue) жана 1990-жылдардын башында жарыкка чыккан "Монти" (англ. Monty). Швиммер дүйнөлүк атактуулукка "Достор" (англ. Friends) телесериалында Росс Геллердин ролун аткары менен жеткен, актер ушул ролу үчүн 1995-жылы прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына татыктуу болгон. Актер биринчи башкы ролун "Табыт көтөрүп баруучу" (англ. The Pallbearer, 1996) тасмада аткарган, андан кийин "Кокустан өбүү" (англ. Kissing a Fool, 1998), "Алты күн, жети түн" (англ. Six Days, Seven Nights, 1998), "Зээндүү окуучу" (англ. Apt Pupil) жана "Бөлүктөрдү чогултуу" (англ. Picking Up the Pieces, 2000) сыяктуу тасмаларда да ойногон. Кийинчирээк актер "Бир туугандар тобу" (англ. Band of Brothers, 2001) телевизиондук кичи сериалда Герберт Собелдин ролун аткарган.

2004-жылы, "Достор" телесериалдын акыркы бөлүмдөрүндө тартылган соң, Швиммер 2005-жылы "Дуэйн Хопвуд" (англ. Duane Hopwood) тасмада башкы ролду аткарган. Актердун башка ролдору: "Мадагаскар" франшизадагы Мелман каармандын үнүн коштоо, "Нөл" (англ. Big Nothing, 2006), "Чындыктан башкасы кабыл алынбайт" (англ. Nothing But the Truth, 2008). Актердун 2005-жылы Вест-Энд сахнасында аткарган алгачкы ролу "Кээ бир кыз(дар)" (англ. Some Girl(s)) пьесасы болгон. 2006-жылы актер "Каиндин козголоңу боюнча согуштук трибунал" (англ. The Caine Mutiny Court-Martial) пьесада роль аткарып, биринчи жолу Бродвей сахнасына чыккан болот. Швиммердин алгачкы режиссердук иши 2007-жылы чыккан "Чурка, Дэннис, чурка" (англ. Run Fatboy Run) күлкүлүү окуялуу жанрындагы тасмасы болгон. 2008-жылы Швиммер "Жаңылыштыктын сызыгы" (англ. Fault Lines) аталышындагы алгачкы офф-Бродвей пьесасын койгон.

2016-жылы актер "Американын кылмыштуулук окуялары" (англ. American Crime Story) тасмада жактоочу Роберт Кардашьяндын ролун аткарып, "Эмми" сыйлыгынын "Сериал/тасмадагы экинчи пландагы көрүнүктүү актер" номинациясына экинчи жолу татыган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]