Дээр

Википедия дан

Дээр – адам акыл-эсинин уюткусу, негизи. Кыргыздар дээрди тубаса касиет деп эсептешет. Адамдын дээринде болбосо, жүргүзүлгөн таалим-тарбия, айтылган, берилген акыл-насаат анча жукпайт, жемиши аз деп түшүнүшөт. Адамдын дээриненби же тарбиясынанбы – бул маселе гуманитардык илимдерде азыркыга чейин талаш-тартышка түшүп келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1