Дюбуа, Уильям Эдуард Бёркхардт

Википедия дан
Du Bois (1918)

Дюбуа, Уильям Эдуард Бёркхардт (23. 2. 1868, АКШ, Массачусетс штаты, Грейт-Баррингтон - 27. 8. 1963, Гана, Аккра) - амер. тарыхчы, социолог, жазуучу, АКШдагы азыркы негр адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири.

1961-жылдан АКШ компартиясынын мүчөсү. 1895-ж. философиянын доктору даражасын алган. 1897-1910-ж. экон. жана тарых боюнча проф., 1933-44-ж. Атлантадагы университеттин социология факультететине декан. 1961-ж. Ганага көчүп келип, Африка энциклопедиясын түзүү боюнча Секретариаттын директору болгон.

Адамдын нравалык жактан өзүн өзү тарбиялоосун жана агартуу ишин демократиялык кайра курууларды турмушка ашыруудагы маанилүү өбөлгө катары караган идеалисттик көз карашта болгон. Бул анын «Кара адамдардын жан дүйнөсү» (1903) очерктер жыйнагы менен «Күмүш руно үчүн» (1911) романында көрсөтүлөт. «Киргил суу» (1920) жыйнагында радикализмдин өсүшү чагылдырылат. 30-жылдарда марксизмди үйрөнүүгө көңүл бурун, 40- жылдарда көз карашы өзгөрөт; элдик- боштондук кыймыл жана пролетариаттын таптык күрөшү менен тыгыз байланышат. «Мансарттын сыноосу» (1957), «Мансарт мектеп курууда» (1959), «Кара жалын» (1961) трилогияларында амер. негрлердин расалык дискриминацияга каршы күрөшүн баяндайт.

Дюбуа - панафрикалык конгресстердин (1919, 1921, 1923, 1927, 1945) уюштуруучусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.