Дядюченко Леонид Борисович

Википедия дан

Дядюченко Леонид Борисович - жазуучу, акын, кинодраматург Дядюченко Леонид Борисович Лениград шаарында 1934-жылы 16-февралда туулган. 1938-жылдан Фрунзе шаарында жашаган. 1952-жылы Фрунзедеги №6 орто мектебин, 1957-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун тоо-геология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Геология институтунда инженер-геолог болуп иштөөдөн баштаган. 1961-жылы “Советская Киргизия” гезитинин Ош облусу боюнча атайын кабарчысы, “Литературный Киргизстан” журналында адабий кызматкер, болуп иштеп, “Кыргызфильм” киностудиясында редакторлук кызматта иштеген.

1957-жылдан республикалык гезит-журналдарда ыр түрмөктөрү, очерктери менен чыгып келүүдө. 1962-жылы алгачкы “Жажда” поэтикалык жыйнагы жарык көргөн. Бир топ документалдык повесттердин, аңгемелердин, документалдуу жана көркөм сценарийлердин автору.

Л.Дядюченконун адабий сценарийлери боюнча “Кыргызфильм” киностудиясында “Водопад” (1974-ж.), “”Зеница ока” (1976-ж.), “Первый” (1974-ж.), “Советский Киргизстан” (1974-ж.) “Кошой-Таш” (1980-ж.), “Твой день республика!” (1984-ж.) толук метраждуу көркөм жана документалдуу фильмдери, ондогон кыска метраждуу документалдуу, илимий-популярдуу фильмдери жана киноочерктер тартылган.

Ал тарабынан А.Токомбаевдин, Т.Кожомбердиевдин, М.Абылкасымованын, С.Акматбекованын ж.б. чыгармалары орус тилине которулган. “Скарабей” повести 1974-жылы Н.Островский атындагы бүткүл союздук адабий сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы менен сыйланган.

1966-жылдан СССР Жазуучулар, 1971-жылдан СССР Журналисттер, 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союздарынын мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жажда: Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 62 с.

Уголек: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1966 – 95 с.

Проводник из Чарвака: Очерки о людях Кыргызстана. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 128 с.

Без нужды в Зардалю. – Ф.: Кыргызстан, 1970 – 201 с.

В пещерах Киргизии. – Ф.: Мектеп, 1970. – 163 с.

Скарабей. Повесть и рассказы. – М.: Молодая Гвардия. 1974. – 160 с.

Фамильное серебро: Документальная повесть. – Ф.: Мектеп, 1974. – 124 с.

Скарабей. – М.: Мол. гвардия, 1975. – 200 с.

Памятник солнцу. Стихи поэтов Киргизии, посвященные дружбе народов. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 176 с.

Салам тебе, Кыргызстан. Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 140 с. (А.Борцов, И.Волобуева, Л.Дядюченко и др.).

Киргизский мотив: Документальная повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 107 с.

Какая она победа? – М.: Мол. гвардия, 1977. – 222 с.

Серебряный глобус: Документальная повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 144с.

Ждите ответа: Рассказы и повести. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 206 с.

Жемчужина в стене казармы: Роман-хроника. – Ф.: Мектеп, 1986. – 220 с.

Сель. Документальная повесть. – М.: Мол. гвардия, 1989.

Обратного пути не будет: Худож.-докум. повесть. – Ф.: Адабият, 1990. – 240 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]