Дүйнөнүн илимий сыпаттамасы

Википедия дан

Дүйнөнүн илимий сыпаттамасы — дүйнө жөнүндөгү илимий изилдөөлөрдүн негизинде түзүлгөн, ырасталган туташ элеси; жаратылыштын жалпы касиеттери жана алардын өнүгүп-өсүү закон ченемдүүлүктөрү туурасында табият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн, принциптерин жалпылоо жана синтездөөдөн алынган системасынын сүрөттөмөсү же илимий мүнөздөмөсү. 16–17-кылымда табият таануунун илимий-теориялык бөлүгү кеңири кулач жайып, ары тереңдеп өнүккөн доордон тартып, дүнүйө сыпаттамасынын атайын илимий түшүнүгү жана илимий термини калыптана баштайт. 20-кылымдын илимий табият таануусунда дүйнөнүн физикалык сыпаттамасы да мына ошондой көч башындагы орунда турса, 21-кылымдын башында дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын бет ачар өңүтүн маалыматтык сыпаттама ээледи. Дүйнөнүн илимий сыпаттамасы илимге чейинки же илимий эмес (Мисалы, динчил) сыпаттан айырмасы – ал белгилүү бир фундаменталдык илимий теорияга (же теорияларга) негизделет. Мисалы, 17–19-кылымдагы окумуштуулар дүйнөнүн физикалык сыпаттамасын классикалык механика теориясынын базасында түзүшкөн. Азыркы учурдагы Дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын өзөгүн кванттык механика, салыштырмалуулук (атайын жана жалпы) теориялары түзөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1