Дүйнөтааным

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дүйнө тааным – курчап турган дүйнөнүн маани – маңызы, турум-турпаты жана адам баласынын ошол дүйнөдөгү орду, аны менен карым-катышы туурасындагы ой – түшүнүктөрдүн, идеялардын, көз караштардын тутуму, системасы. Ал адамдын иш-аракетин, ой-санаасын, максат-ниетин багыттап, жөнгө салып, аныктап турат. Буга диний (мусулманчылык же христианчылык), коммунисттик, фашисттик ж. б. дүйнө караштарды мисал кылсак болот. Ал эми философия ар кандай дүйнө караштын негизделишинде, калыптанышында, өсүп-өзгөрүшүндө өзгөчө орун ээлейт. Философиянын дүйнө караш жаатындагы функцияларынын чордонунда адамдын өзүн өзү таанып-билиш (самопознание) вазийпасы турат. Илгери эле Сократ «Өзүңдү өзүң аңдап бил» («Познай самого себя») деп ураан көтөргөн. Ар дайым философия адам баласына бул дүйнөгө эмнеге жаралганын, эмне кылышы керектигин, өзүнүн күн көрүшүнүн, жашоо-тиричилигинин маани-маңызы кандай экендигин талдап-түшүнүшкө, таразалап-баалашка жардам этет. Ушул жагынан ал искусствого, көркөм адабиятка жакын турат. Адам өз жашоо-турмушун маанилеп түшүнмөйүн, аныктап билмейин, анын тиричилиги баш аламан (хаос), иретсиз, максатсыз болот, дайрада калкыган чамындыдай ага берет. Ал ой калчап, акыл тегеретип, өз жашоосунун өйдө-ылдыйын, ак-карасын териштирип, маани-маңызын сүрүштүрө баштаган соң көргөн-билгени кеңейип, горизонт, перспективасы ачылып, иш-окуялар белгилүү бир иретке келип, максат-ниети нукка түшө баштайт. Адам өзүн өзү тапкандай болот. Буга философия көмөк көргөзөт. Бирок, бул – сөзсүз философиялык трактаттарды окуп, философтордун лекциясын угуш зарыл, ансыз адам өзүн аңдап биле албайт, турмушту түшүнбңйт деген кеп эмес. Тамга тааныбаса да, сабаты төмөн болсо да, көптү көргөн, көптү түшүнгөн, ою кенен, акылы терең карыяларды көбүбүз эле угуп жүрөбүз, билебиз. Демек, адам баласы атайлап окуп-үйрөнбөсө деле өз бетинче «философчулук» кылууга (философствовать), турмуш-тиргиликтин тереңдеги, түпкү маани – маңызы туурасында ой жүгүртүүгө аргасыз. Деген менен, мындай «менчик философия» чектелүү, бир жактуу, фрагмент түрүндө болот. Ошондуктан билимдүү, окууал кишилер атактуу философтордун эмгектерине кайрылат, айтылуу акылмандардын айткан-дегенин талдап-түшүнүшкө аракет кылышат. Натыйжада, өз турмушун дааналап, кенен алкакта, терең мааниде карашка – баалашка мүмкүнчүлүк алат. Анткени, өзүн таанып-билиш – бул өзүнүн аты-жөнүн, кулк-мүнөзүн же кабак-кашын билиш эле эмес. Бул – биринчи кезекте өзүнүн адамдык касиет-сапатын, нарк-насилин аныктап түшүнүш. Муну – философиянын гуманисттик функциясы деп атасак болот.



Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8