Дүйрөсуу мрамор оникси кени

Википедия дан

Дүйрөсуу мрамор оникси кени Ысык-Көл районунда, Чырпыкты кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Күңгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы Дүйрөсуунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте. 1966-ж. табылган. Кен аймагын палеогендин конгломераты менен ордовиктин аягында пайда болгон гранит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат менен граниттин кошулган жериндеги тектоникалык жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аянты 50 м2. Тарамчалардын калыңдыгы 1 смден 30–50 смге чейин. Майда темгилдүү оникс саргыч арагонит менен кезектешип жайгашуусу боюнча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10x10x5 см. Запасы 70 м3. Белектик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]