Дүйшөналиев Сүйүнбек

Википедия дан

Дүйшөналиев Сүйүнбек - акын, дирижер. Аксы районунун Афлатун айылында 1940-жылы 12-декабрда туулган. 1958-жылы Афлатун орто мектебин, 1963-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын хор дирижерлук бөлүмүн аяктаган. 1964-1969-жж. Ташкен мамлекеттик консерваториясында окуп, хор дирижеру жана хор сабактарынын окутуучусу адистигине ээ болгон.

1964-1965-жж. Айдаркендеги музыкалык мектепте мугалим, 1965-1995-жж. Ош педагогикалык институтундагы музыкалык-педагогикалык факультетинде окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, 1991-2001-жж. Ош технологиялык университетинин Маданий-эстетикалык борборунун директору болуп эмгектенген.

С.Дүйшөналиев Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз ССР Маданият, Билим берүү министрликтеринин, республикалык профсоюздар комитетинин, партиянын Ош облустук комитетинин Грамота, Ардак грамоталары менен сыйланган.

С.Дүйшөналиев фестивалдардын, сынактардын жеңүүчүсү, Жеңижоктун, Курманжан датканын, Жалал-Абад облусунун мааракелеринде сценарист, көркөм жетекчи катары катышкан. 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашыл жол: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1979.

Ак шоола: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1983.

Ак калпак элдин булбулу. - Жалал-Абад, 1991.

Калкыма сыйым ыргүлзар. - Б., 2003.

Комузга ширелген дүйнө: Б. Мадазимовду эскерүү. - Ош: Жети түс, 2003.

Осуят. - Ош: Декарт, 2008.

Тартуу. - Ош: Декарт, 2008.

Дүрдүйнө. - Ош: Декарт, 2009.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]