Дүмүр казгыч

Википедия дан

Дүмүр казгыч – дүмүр казып чыгаруу, чоң таштарды кыртыштан бошотуп алуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү жана жол салуу, жаңы жерлерди дарактардан жана бадалдардан тазалоо, жол жана кургатуучу канал даярдоо жана башка жумуштарда колдонулуучу машина. Дүмүр казгычтын тартуучу арканы, ошондой эле тартуу же түртүү күчүнүн жана көтөрүү күчтөрү же көтөрүү күчтөрү менен тартуу күчтөрүнүн биригишинин натыйжасында сууруп алуучу тиштүү жумушчу бөлүгү болот. Анын тракторго асылма, чиркелме же өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Көбүнчө асылма-трактордун түртүү күчүнүн аркасында дүмүр казып чыгаруучу Дүмүр казгыч колдонулат. Мындай дүмүр казгыч рамадан, тиштүү жумушчу бөлүктөн жана көтөрүүчү механизмден турат. Казуу убагында тиш дүмүрдүн астына тереңдеп кирип, трактордун күчү менен аны түртүп жылдырат жана бир эле убакта өйдө көтөрөт. Жумушчу органдары (негизинен алмашылма) лебедканын же трактордун гидросистемасынын жардамы менен кыймылга келет. Алуу кеңдиги 1,2—1,4 м болгон дүмүр казгычтар чыгарылат, алардын жумушчу бөлүгү 700 ммге чейин тереңдиктеги кыртышты сүрө алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1