Дүрбөлов Насиржан

Википедия дан

Дүрбөлов Насиржан (3. 5. 1937-ж. туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Тунук кыштагы) - мал чарбасынын чыгаан адиси, Кыргызстан айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн (1961).

Эмгек жолун Калинин районунун ветернария станциясына баш ийген Суусамырдагы ветеринария дарылоо мекемесинин башчысы болуп баштаган. Суусамыр өзүнчө район болуп уюшулганда 1992 - 1994-жылдары райондун башкы ветернария врачы болуп иштеген.

Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы жана 2004-ж. «Айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Бир нече жолу Суусамыр айылдык кеңешине депутаттыкка, партиянын Жайыл райондук комитетинин мүчөлүгунө 2 жолу шайланган. 1987-ж. Бүткүл Союздук мелдештин жеңүүчүсү болуп, КПСС БКнын, СССР министрлер советинин, ЛКЖС БКнын ардак грамоталарынын ээси.

2008-ж. Суусамыр кыштагындагы көчөгө анын ысмы ыйгарылган. Учурда ардактуу эс алууда. Кырбаш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9