Дүүлүгүү

Википедия дан

Дүүлүгүүмолекуланын же атомдун негизги абалдан энергиясы көбүрөөк абалга (башка энергия деңгээлине) өтүшү. Дүүлүгүү бөлүкчөлөрдүн кагылышуусунан же бөлүкчөлөрдүн электр-магнит нурлануу кванттарынын таасиринен пайда болот. Бөлүкчөлөрдүн негизги абалдан дүүлүккөн абалга өтүшү тийиштүү энергия саны менен мүнөздөлөт. Бөлүкчөнүн дүүлүккөн абалдагы мезгили бөлүкчөнүн энергия деңгээлинде жашоо убакыты деп аталат. Бөлүкчөлөр дүүлүгүү абалында химиялык активдүүлүккө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1