Дөрбөн-ойроттор.

Википедия дан

Дөрбөн-ойроттор. Дөрбө(н)т = (дэрбэт) монгол тилдүү элдерде «төрт» деген санды аныктайт. 1399-ж. кыргыз ханы Угечи Каш- канын (Гүйлүчү, Мунке Тэмур) жетекчилиги астында Ойрот хандыгы негизделген. Кыргыз уруулары катышкан бул мамлекеттик- уруулук бирикме жазма булактарда «дөрбөн-ойрот» деген ат менен да белгилүү болгон. Дөрбөн-ойроттор же дөрбөттөр өз учурунда (17-к.) (дэрбэттер) хошоут, хойт, зюнгарлар менен бирдикте Ойрот (Жунгар) хандыгын негиздешкен. Дөрбөттөр Волга боюндагы калмактардын («хальмг», «халимаг») кийинки эл болуп калыптанышында да активдүү катышты. Дөрбөн - тынымсейит уруусунун курамындагы урук катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]