Дөңгөлөк

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дөңгөлөк – окто айлануучу тегерек диск же чабактуу алкак. Дөңгөлөк окту тегеренип эркин же ага бекитилип, ок менен кошо айланат да, айлануу кыймылын берет же айлануу кыймылын башка кыймылга өзгөртөт, ал эми транспорт каражатында болсо кыймылдын каршылыгын азайтат. Алгачкы дөңгөлөк жаргылчакта (кол тегирменде) дан майдалоо үчүн колдонулуп, эки тегерек тегирмен ташынан турган. Алгачкы дөңгөлөк жыгач кесиндилеринен же үч пластинадан жасалган. Чабактуу дөңгөлөк алгач биздин заманга чейин. 2-миң жылдыкта бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан Скандинавия, Кытай жана Месопотамия аймактарында жасалган. Байыркы арабаларда дөңгөлөк окто айланган же окко бекем бекитилип, аны менен чогуу айланган. Орто кылымда Европада дөңгөлөк күпчөктөн жана дубдан жасалган чабактардан турган. Анын бышыктыгын жогорулатып, жешилишин азайтуу үчүн темир алкак кийгизилген, ал кийин транспорт машиналарында шина менен алмашылган. Алгачкы чабактуу жеңил дөңгөлөк 1808-ж. жасалып, чабактар алкак менен күпчөктүн ортосуна радиус боюнча жайгашкан, бирок кийинчерээк кайчылаш жайгаштырылган тангенциалдык чабактар сунуш кылынган. Бул анын бышыктыгын жогорулаткан. Буу локомотивдеринде ширетилген темир дөңгөлөк колдонулган. Автомобилде азыркы учурда штампталган болот же куюлган алюминий дисктүү дөңгөлөк пайдаланылат. Туташ резинадан жасалган шина 1890-ж. пневматикалык менен алмаштырылган. Азыр дөңгөлөк көпчүлүк машинада айлануу тездигин жана кыймыл багытын өзгөртүү, горизонталь октон тик окко (же тескерисинче) кыймыл берүү (тасмалуу жана башка кыймыл бергичте) үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1