Дөө

Википедия дан

Дөө — кыргыз элинин жөө жомокторундагы терс каармандын образы. Дөө - адам кейпиндеги, адамча сүйлөгөн, аябагандай зор, көлөмү тоодой, камчысы карагайдай мифологиялык алп. Маңдайында жалгыз көзү бар, жер астында же үстүндө жүрүп, бир нече күндүн тамагын бир эле жеп коёт. Бир кулагын төшөнүп, экинчисин жамынып, ойлонбостон жумалап, айлап уйкуга кетет. Дөөлөр адамзаттын эсинде байыркы грек мифологияларынан белгилүү. Дөө дээрлик бардык сюжеттерде адамдан акылсыз болуп, жеңилет. Дөө Саян-Алтай элдеринин мифологиясында жер астындагы өлүктөр дүйнөсүнүн (Улген) жер үстүндөгү чабарманы катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]