Ева Грин

Википедия дан

Ева Гаэль Грин (англ. Eva Green;French: [ɡʁin]; Swedish: [ˈɡɾeːn], 1980-жылдын 6-июлунда туулган) француз актрисасы жана модель. Ал Бернардо Бертолуччинин "Кыялкечтер" (англ. The Dreamers,англ. 2003) тасмасында ойноп актриса катары тушоосу кесилген. Ага чейин театрда эмгектенген. Актриса дүйнөлүк атак-даңкка Ридли Скоттун "Бейиш падышачылыгы" (англ. Kingdom of Heaven, 2005) тасмасындагы Иерусалим канышасы Сибилланын, "Рояль казиносу" (англ. Casino Royale, 2006) тасмасында Веспер Линддин ролун ойноо аркылуу жетишкен. 2006-жылы Е.Грин Британия кино жана теле искусство академиясынын (The British Academy of Film and Television Arts) "Жаңыдан чыгып келаткан эң мыкты актриса" (Best Rising Star) сыйлыгын алган.

2006-жылдан тартып, актриса Жаракалар" (англ. Cracks, 2009), "Клон" (англ. Womb, 2010), "Укмуш сүйүү" (англ. Perfect Sense, 2011) сыяктуу көз карандысыз тасмаларда тартылган. "Камелот" (англ. Camelot) тасмасында ойноп, "Кара көлөкөлөр" (англ. Dark Shadows, 2012) тасмасында Анжелика Бушардын ролун жараткан. 2014-жылы "300 спарталыктар: империянын гүлдөшү" (англ.300: Rise of an Empire (2014) тасмасында Артемисиянын, Фрэнк Миллер жана Роберт Родригес биргелешип тарткан "Күнөөлөр шаары: мындай аял курмандыкка чапса болот" (англ. Sin City: A Dame to Kill For, 2014) тасмасында Эва Лорддун ролун ойногон. Е. Грин Ванесса Айвздын ролун "Коркунучтуу жомоктор" (англ. Penny Dreadful, 2014–16) тасмасында ойногон. Актриса сериалдагы ролдору үчүн "Эң мыкты актриса" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгынын 73- аземинде талапкер болгон. 2016-жылы "Перегрин айымдын өзгөчө балдар үчүн үйү" деген Тим Бёртондун фэнтези (англ. Miss Peregrine's Home for Peculiar Children) тасмасында башкы ролду ойногон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]