Еврей жазуусу

Википедия дан

Еврей жазуусу – иврит, идиш, ладино жана башка тилдерде сүйлөөчү байыркы жана азыркы еврейлердин жазуусу. Эң байыркы еврей жазуусу (Гезер календары) биздин заманга чейин 10-кылымда ханааней алфавитинде (финикий алфавитине жакын) түзүлгөн. Биздин заманга чейин 5-кылымдын ортосунан баштап арамей алфавитине өтө баштаган. Бул алфавит бир аз өзгөрүүлөр менен азыр да колдонулат. Орто кылымда чарчы жазуусу пайда болгон. Аларда үнсүз тыбыштарды белгилеген 22 тамга бар. Үндүүлөр белгиленген эмес. Кийинчерээк үнсүз тамгалар – «h», «w», «i» кээ бир үндүүлөрдү туюнткан. Ал эми 7–8-кылымда үндүүлөр үчүн атайын диакритика белгилери киргизилип, алар Тооратта (Библияда), поэтикалык тексттерде, окуу китептеринде жана башка колдонулган. Жазуу оңдон солго карай жазылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1