Еврипид

Википедия дан
Euripides

Еврипид , Эврипид (биздин заманга чейин 484-ж. туулган, Саламин а. – биздин заманга чейин 406, Пелла) – байыркы грек драматургу. 92 драмалык чыгарма жазган, бизге 17 трагедиясы жана бир сатиралык драмасы («Киклоп») жеткен. Чыгармаларында (биздин заманга чейин 5-кылымдын 2-жарымы) Афиныдагы саясий жана адеп-ахлак салттарынын бузулушун чагылдырган, көйгөйлөрдүн курч коюлушу аркылуу ал «сахна философу» катары таанылган. Еврейлер Кудайдын ырайымсыздыгын («Ипполит», «Геракл») жана согушту («Троялык аялдар», «Финикиялык аялдар») айыптаган, «Ифигения Авлидада» трагедиясында биринчи болуп аял сүйүүсүнүн психологиясын иштеп чыккан. В. Г. Белинский еврейлерди терең ойчул, афинылык акыркы улуу трагик катары баалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1