Европа валюта бирдиги

Википедия дан

Европа валюта бирдиги (ЭКЮ) ( European Currency Uniе‚ ECU) – эл аралык валюта бирдигинин бир түрү, Европа валюта системасынын (1979–80) негизи. Cебеттеги ар бир валютанын үлүшү өз ара сооданын‚ улуттук продуктунун жана өлкөнүн кредиттик жардам механизмине катышуусунун салыштырма салмагын эсепке алууга эсептелген. Бул үлүштөр 5 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш болгон. Ушундай экинчи кароодон (1989) кийин ЭКЮнун маанилүү компоненти ГФР маркасы (30‚1%)‚ андан кийин француз франкы (19%)‚ фунт стерлинг (13%)‚ голландия гульдени (9‚4%)‚ италия лирасы (10‚15%)‚ бельгия франкы (7‚6%) болуп калган. ЭКЮ жүгүртүү каражаттары жана эсеп бирдиги катары 1979-ж. киргизилген жана Европа валюта системасынын резервдик активи жана эсептешүү бирдиги катары кызмат кылган. Расмий ЭКЮнун эмиссиясын Европа валюта кызматташтыгынын фонду ишке ашырган. 1999-жылдын 1-январынан Европа валюта биримдиги еврого алмашылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1