Еврорынок

Википедия дан

Еврорынок (англ. Euromarket) – операциялары евровалюталарда ишке ашырылуучу ссуда капиталдарынын эл аралык рыногу. Батыш Европада 1950-жылдарда пайда болгон. Еврорынок финансылык глобалдаштыруунун бир түрү болуп саналат. Еврорыноктун катышуучулары: карыздакорлор – көбүнчө ар түрдүү өлкөлөргө капитал салууну финансылоо үчүн кредитке муктаж улуттар аралык монополиялар‚ ошондой эле тартыш төлөм балансына ээ мамлекеттер; эл аралык кредит операцияларын чет өлкөлүк валютада (евровалютада) ишке ашыруучу кредиторлор – менчик коммерциялык банктар. Еврорынок бир нече секторду камтыйт: евровалюта рыногу (кыска мөөнөттүү – бир жылга чейин – банктар аралык депозиттер)‚ еврокредиттер рыногу (кредиттик макулдашуу менен жазылуучу 2–10 жылга орто мөөнөттүү ссудалар)‚ еврофинансы рыногу (орто жана узак мөөнөттүү карыздар‚ 10дон 15 жылга чейин). Еврорыноктун экономикага таасири кош мүнөздө болот. Бир тараптан‚ ал мамлекеттер аралык масштабдарда микрочарбалык байланыштарды‚ өндүрүштүк концентрацияны жана капиталды борборлоштурууну өнүктүрөт. Экинчи жагынан‚ Еврорынок өлкөгө чет өлкөлүк капиталдын өтө агып киришин‚ тескерисинче, улуттук валютанын чет өлкөгө агып чыгышын токтотуу үчүн өкмөттү мезгили менен валюталык жана кредиттик чектөөлөрдү киргизүүгө мажбурлоо менен, айрым өлкөлөрдүн улуттук акча-кредит системасына дезорганизациялоочу таасир көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1