Евтушенко Гавриил Алексеевич

Википедия дан

Евтушенко Гавриил Алексеевич (7. 4. 1904, Украина, Чернигов облусу – 23. 4. 1971, Фрунзе) – физиолог, Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1954), биология илимдеринин доктору (1946), профессор (1959). Киев айыл чарба институтун бүтүргөн (1929). 1932–41-ж. Краснодар тамеки өнөр жай илимин-изилдөөчү институтунун физиология бөлүмүнүн башчысы, 1952–58-ж. Кыргыз ССР ИАнын Ботаника институтунун директору, 1958-жылдан Биохимия жана физиология институтунда өсүмдүктөрдүн физиологиясы жана биохимиясы лабораториясынын башчысы, 1968–71-ж. Кыргыз ССР ИАнын Биохимия жана физиология институтунун директорунун орун басары жана КМУнун физиология кафедрасынын башчысы. 60ка жакын илимий эмгектин автору. Өсүмдүк физиологиясы боюнча адис. Эмгектери негизинен тамекинин, кант кызылчасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун физиология негиздерине арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1