Евтюхова Лидия Алексеевна

Википедия дан

Евтюхова Лидия Алексеевна, атактуу археолог- кыргызтаануучу, Түштүк Сибирдин, Борбордук Азиянын археологиясын, анын ичинен енисей кыргыздарынын археологиялык-маданий эстеликтерин ачкан, изилдеген окумуштуу. Болочок атактуу кыргызтаануучу, тарыхчы-археолог Л.А.Евтюхова 1903-ж. 31-августа Санкт-Петербургда туулган, 1974-ж. 31-июлда каза табат. Л.А.Евтюхова таанымал окумуштуу-археолог, Сибирдин, Борбордук Азиянын тарыхын, археологиясын изилдеген С.В.Киселёвдун өмүрлүк жубайы болгон. СССР ИАсынын Археология институтунун бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Л.А.Евтюхова инженердин үй бүлөсүндө туулуп, балалык чагы Ростов шаарында өткөн. Эмгек жолун жаштайынан эле баштап, 16 жашынан педтехникумда катчылык, андан кийин Ростов крайлык музейинде илимий кызматкер болуп эмгектенет. Москва Археологиялык институтуна окууга кирип, 1922-ж. Москва университетинин Коомтаануу факультетине которулган. Профессор-археолог В.А.Городцовдун жетекчилиги астында археологиялык практикадан өтөт. Археологиялык мектептин алгачкы жылдары Москва, Ростов ж.б. аймактардагы маданий эстеликтерде жүргүзүлгөн. 1925-ж. Университетти аяктагандан соң, Мамлекеттик тарых музейине кызматка алынып, мурда топтолгон экспозициялык материалдарды ирээтке келтирген, өзгөчө Сибирдин археологисы боюнча экспозицияны кайра куруу ишине жигердүү катышат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Л.Е.Евтюхова Истра, Дмитров, Яхром, Звенигород ж.б. шаарларда германдык фашисттер тарабынан талкаланган, таланып-тонолгон имараттарды, тарыхый эстеликтерди тескөө боюнча түзүлгөн комиссияны жетектеген эле. Анын эмгеги мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленген. Л.А.Евтюхова 1930-ж. Баштап С.В.Киселёв менен бирге Түштүк Сибирди изилдей башташкан. Атактуу окумуштуу XX к. өтө ийгиликтүү археологиялык ачылыштарды жасаган археологдордун бири катары таанылган. Өзгөчө, 8-9 кк. Түштүк Сибирде (Хакас-Минусин, Тува) жана Монголиянын аймактарында өз мамлекетин негиздешкен кыргыздарга таандык атактуу падышалык “Көпөн чаатасындагы” археологиялык материалдар дүйнөнү дүңгүрөттү. Бул улуу илимий ачылыш 1939-ж. таандык, бул ачылышты ишке ашырган Саян-Алтай археологиялык экспедициясынын башчысы Л.А.Евтюхова болучу. Енисей кыргыздарынын бул “падышалык” эстелигин алтын жана күмүш кумаралар, табактар, мискейлер жана аттын кымбат баалуу жасалга-шаймандар түзүп, алар бүгүн Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитажда сакталып турат. Бул буюмдардын орто кылымдардагы өтө дасыккан зергер кыргыз усталарынын колунан чыккандыгы анык. 1940-ж. Малый Көпөндөгү кыргыз эстеликтерин казуу илим үчүн өтө маанилүү. Андан соң Абакан шаарынан алыс эмес жерден хунну акиминин турагы казыла баштаган эле. Л.А.Евтюхова 1946-ж. енисей кыргыздарынын археологиясы боюнча кандидаттык диссертациясын коргоп, эмгектин кол жазмасы монография катары 1948-ж. «Археологические памятники Енисейских кыргызов (хакасов)» деген ат менен жарыкка чыккан. Автор енисей кыргыздарынын биркатар багыттагы маданий эстеликтеринин негизинде чарбалык укладын, жашоосун, маданиятын реконструкциялап чыккан. 1946-ж. СССР ИАсынын Археология институтунда бир катар кызматтарда иштөө менен бирге, илимий экспедицияларга дайыма катышып турган. С.В.Киселёв менен биргеликте Монголияга, Забайкальеге орто кылымдардагы монголдор жана алардын шаарлары боюнча илимий жүрүштөрдү уюштурат. Анын натыйжасында бир катар илимий эмгектер жарыкка чыккан болучу. Алтайга, Хакасияга, Тува жана Монголияга уюштурулган илимий жүрүштөрдө Л.А.Евтюхова таш балбалдардын өзү тарабынан кол менен тартылган коллекциясын топтогон. 1953-ж. “Каменные изваяния Южной Сибири и Монголии” деген эмгеги жарык көрөт. Окумуштуу тарабынан иштелип чыккан илимий бул усул андан соңку окумуштуулар тарабынан кеңири кабыл алынган. Сүрөткер, график, фотограф катары илимий экспедициянын материалдарын өзү иштеп чыккан. Л.А.Евтюхова Монголиянын, Забайкальенин, Түштүк Сибирдин талааларынын катаал шарттарында айдоочуну алмаштырып, жылытуучу очок курууну, шаймандарды оңой эле оңдоп коюп элди таң калтырчу. 40 жылдан ашуун илимий жүрүштөрдө топтолгон тажрыйба, эстеликтердин бардык типтерин тааный жана окуп-түшүнө билген билимдүүлүк Л.А.Евтюхованы илим чөйрөсүнө кеңири таанытты.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Евтюхова Л. А. К вопросу о каменных курганах на Среднем Енисее. // Тр. ГИМ, вып. 11. М.: 1938. С. 111—122.
  2. Евтюхова Л. А. Каменные изваяния Северного Алтая. // Тр. ГИМ. Вып. XVI. М.: 1941. С. 119—134.
  3. Евтюхова Л. А. Кыргызское поселение у с. Малые Копёны. // КСИИМК. Вып. XVI. М.-Л.: 1947. С. 158—164.
  4. Евтюхова Л. А. Археологические памятники енисейских кыргызов. (Тез. дисс.) // КСИИМК. Вып. XVII. М.-Л.: 1947. С. 158—161.
  5. Евтюхова Л. А. Археологические памятники енисейских кыргызов (хакасов). Абакан: 1948. 109 с.
  6. Евтюхова Л. А. Стремя танской эпохи из Уйбатского чаатаса. // КСИИМК. Вып. XXIII. М.-Л.: 1948. С. 40-44.
  7. Евтюхова Л. А. Каменные изваяния Южной Сибири и Монголии. // МИА № 24. Материалы и исследования по археологии Сибири. Т. 1. М.: 1952. С. 72-120.
  8. Евтюхова Л. А. Южная Сибирь в древности. // По следам древних культур. От Волги до Тихого океана. М.: 1954. С. 195—224.
  9. Евтюхова Л. А. О племенах Центральной Монголии в IХ в. // СА. 1957. № 2. С. 205—227.
  10. Евтюхова Л. А. и Киселёв С. В. Чаатас у с. Копёны // Труды Государственного Исторического музея. — М., 1940. — Вып. XI. — С.21-54. — Табл. I-VIII.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015