Елизавета Печерских
Көрүнүш
Елизавета Печерских | |
Жынысы |
Аял |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы |
Елизавета Рогожникова |
Жарандыгы | |
Чеберчилиги |
сууда сүзүү |
Төрөлгөн датасы |
25 -август 2004 (20 жаш) |
Төрөлгөн жери | |
Машыктыруучу |
Юрий Захаров |
|
Елизавета Печерских (Рогожникова) — Кыргызстандык спортчу, сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Елизавета Печерских 2004-жылы 25-августа Бишкек шаарында төрөлгөн. Анын биринчи машыктыруучусу атасы, мурда сууда сүзүүчү болгон. Андан кийин Роза Биккинина менен машыгууларды өткөрөт, 2014-жылдан бери Юрий Захаровдон тарбияланат. Орусия, Беларусь, Словения жана башка өлкөлөрдө жеңишке жеткен[1].
Карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2017 — Орусияда өткөн сууда сүзүү боюнча турнирде алтын медаль;
- 2018 — Сууда сүзүү боюнча Индонезияда өткөн Азия оюндарына катышкан[2];
- 2018 — Люксембургда өткөн сууда сүзүү боюнча турнирде күмүш медаль;
- 2019 — Түштүк Кореяда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан[3] ;
- 2019 — Бангалордо өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль;
- 2020 — Казакстанда өткөн турнирде жети алтын медаль (50 м, 100 м, 200 м);
- 2021 — Өзбекистанда өткөн ачык кубогу лицензиялык турниринде бир алтын, эки күмүш медаль (50 м, 100 м, 200 м);
- 2024 — Катарда сууду сүзүү боюнча өткөн Дүйнөлүк чемпионатка катышкан[4].
- 2024 — Франциянын Париж шаарында өткөн 2024 жайкы Олимпиада оюндарына катышып 50 м аралыкта 79 спортчунун ичинен 30 орунду ээлеген[5].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Иван МАРЧЕНКО. Более 100 медалей к 15 годам. История уникальной пловчихи из Кыргызстана (орусча). 24.kg (26 -октябрь (тогуздун айы) 2019). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Swimming Results Book. Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2020. Түп булактан архивделген күнү 28 -июль (теке) 2020.
- ↑ Entry list. Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2020.
- ↑ Кыргызстанка Елизавета Печерских заняла I место в заплыве на 50 метров на ЧМ (орусча). Кабар (18 -февраль (бирдин айы) 2024). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Париж-2024: суучул Елизавета Печерских 30-орунду ээледи (кырг.). Азаттык Үналгысы (3 -август (баш оона) 2024). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2024.