Ендренкин, Иван Иванович

Википедия дан

Ендренкин Иван Иванович (1890-1948) - Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышкандардан.
1905-ж. Москвада революциялык иштерге катышкан. 1906-ж. Петербургда саясий адабияттарды тараткандыгы үчүн камалган. 1909-жылдан Шураб (Тажикстан), Ташкөмүр, Кызылкыя шахтыларында иштеген. 1917-жылдан Кызылкыя жумушчу депутаттар советинин төрагасы, 1920-жылдан чарба кызматтарында иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.