Ефремов, Филипп Сергеевич
Ефремов, Филипп Сергеевич (1750-1811) – Борбордук Азия, Индия ж-а Иранга эрксизден саякат жасаган орус аскери (унтер офицер).
1774-ж. Оренбург губерниясында аскердик кызмат өтөп жүргөндө туткунга түшүп, кулдукка Бухарага сатылган.
Бухара эмиринин Самарканд м-н Хивага жасаган жортуулдарына катышкан, Иранда да болгон.
Кийинчирээк Кокон хандыгына качып өткөн. Андан Кыргызстандагы Ош шаары, Тегерек-Даван ашуусу, Кашкар ж-а Тибет аркылуу Индияга барган. Калькуттадан англичандардын кемесине түшүп, Улуу Британияга жетип, 1782-ж. мекени Орусияга кайтып келген.
1786-ж. Петербургда өзүнүн “саякаты” ж-дө жазган баянында түштүк кыргыздар 18-к-дын акырында Кокон хандыгына баш ийбей, өз алдынча эл болгондугу, Ош м-н Кашкардын ортосунда көчмөн турмушта жашашкандыгы, өздөрүнүн бектери бар экендиги айтылат.
Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.
ISBN 5-89750-028-2