Ефремов Филипп Сергеевич

Википедия дан

Ефремов Филипп Сергеевич (1750–1811) – орус армиясынын унтер-офицери; кыргыздар жөнүндө орустарга алгач маалымдаган жер кезгич. Е. Пугачёвдун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн. 1774-ж. анын кошууну пугачёвчулар тарабынан талкаланганда, Ефремов колго түшүп, Бухаранын башкаруучусу Данияр бекке сатылат. Туткунда жүргөндө түрк, фарси тилдерин үйрөнүп, бухара аскеринин курамында Самарканд, Мерв, Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Данияр бекке таандык туткундардын ар бир бешинчиси орус болгондуктан, Ефремовдун аскердик билимин жана шыгын баалап, гвардиясына жүз башы кылган. Бирок Ефремов өз жерине кайтуу оюнан эч качан жанбаган. Хивалыктар менен согушта жеңишти кабарлоо үчүн аны Бухарага жөнөткөндө, катчыга акча берип, Коконго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондорго өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. Россияга түз качуудан кооптонуп, адегенде Алай тоолорун ашып Кашкарга, ал жерден Мекеге ажылыкка баратам деп, Тибет жана Гималайды басып, Индияга жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы казак талааларын, Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдөрүн, Иранды, Бухараны, Кыргызстанды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктардын бирөө болуп калган. 1774–82-ж. аралыгындагы жер кезүүсүндө Ефремов жергиликтүү тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан кеме менен Англияга келип (1782), орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-ж. 26-августта Санкт-Петербургга жеткен. Кийин ал фарси жана башка азия тилдери боюнча тышкы иштер коллегиясына жумушка кирген. Ефремовдун жазган отчёту 1786-ж.«Тогуз жылга созулган сапар (1774–82)» деген ат менен китеп болуп чыгып, россиялыктарга мурда белгисиз эл – кыргыздар жөнүндө кабар жеткен. Кыргыздар менен казактардын аталышында фонетикалык жактан айырма барын белгилеп, Россияда киргискайсактар деп аталган элди – казактар деп, ал эми кыргыздар өзүнчө эл экенин так көрсөтүп жана «кыргыздар Бухариянын өзүндө эмес, ага жанаша жайгашкан Ош шаары менен Кашкардын ортосунда жашап», алардын эч кимге көз каранды эместигин, жери Кокон менен чектешип, ал жакка сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап, бат-бат каттап турушарын белгилеген. Ефремов китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даңазалагым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экендиги түрткү болду. Байыркы, жаңы тарыхты окуп жатып, Кытай, Индия, Персия, Бухара, Хиванын аралыгында жашаган элдер жөнүндө эч нерсе билбейбиз», – деп жазган. Бул эмгек Ефремов тирүү кезинде эле 3 жолу басылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1