Жаачы

Википедия дан
Mantis religiosa.

Жаачы - батачы (Mantodea же Mantopte­ra) – жырткыч курт-кумурскалар түркүмү. Узундугу 11 смге жетет. Алдыңкы бир жуп бутунда жем кармоочу тикенекчелери болот. Башы өтө кыймылдуу, көзү чоң, мурутунун түбүндө 3 жөнөкөй көзү жайгашкан. Канаттары жакшы өрчүгөн, бирок кээ бир түрүнүкү начар же жокко эсе. Көпчүлүгүнүн түсү чөйрөгө жараша өзгөрүп турат. 2000ден ашуун түрү белгилүү. Тропик жана субтропик өлкөлөрдө көп. КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүндө 20га жакын, Кыргызстанда 6–7 түрү жашайт. Жырткыч, негизинен курт-кумурскалар менен азыктанат. Жемин астыңкы бутун сунуп күтүп отурат (батачы аталышы ошондон). Денесинин түзүлүшүнө карата көпчүлүк жерлерде «келин жүгүн» деп да аташат. Зыяндуу курт-кумурска менен азыктанып пайда, аары менен чабармандарды жеп зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1