Жаа тартмай
Кыргыз эли өз тарыхында ички, тышкы душмандарына каршы күрөш жүргүзүп, элин, жерин туруктуулук, баатырдык менен коргоп келген. Кыргыз эли өз эркиндигин коргоодо аскер куралдарын, анын ичинде жааны да колдонгондугу белгилүү. Бул жөнүндө «Манас» эпосунда да айтылат:
Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүр кылып ок атып… Камыштый найза кылкылдап, Кылыч, мылтык жылтылдап. Очогор огу жаңырып, Жаа- жебе огу жабылып… Мылтык менен урушуп. Маңдай-тескей турушуп Мылтык атып, жаа тартып, Карсылдашып урушуп. Жаанын огу чыркырап, Тийген жери быркырап,…
Жаа байыртадан эле мергенчилик куралы болгон. Аскер куралдарынын бири катары да пайдаланышкан. Атчан чаап бара жатып жаа тартышкан. Азыркы кезде спорттук оюн катары кеңири колдонулат. Жаа тартмай аралыкты көз болжол менен өлчөй билүүгө, бутаны түз мээлөөгө, шамдагайлыкка көндүрөт. Азыркы кезде бул оюндун ат минбей жөө туруп жаа тартышкан жөнөкөй түрү кеңири тараган. Оюн тегиз жерде ойнолот.
Оюн сыртта ойнолсо, кокусунан жебе жаңылбас үчүн бута коюлуучу жакка эч кимди жолотпоо керек. Оюнду 15-20 оюнчу ойнойт. Жаа, бир нече жебе, узундугу 50 сантиметр келген таякча даярдалат. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Жаат башчыларын дайындайт. Оюнчулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жаа тартылуучу чек жана бута атуучу жер (аралыгы 20-25 метр) белгиленет. Ал жерге бута коюлат. Жаат башчылары же өкүлдөрү таяк кармашып же чүкө калчашып, бири оюнду баштоо укугун алат. Оюнду баштаган жааттын оюнчулары жаа тартып бүтүшкөндөн кийин кезек экинчи жааттын оюнчуларына барилет. Ушул жол менен оюн белгилүү убакытка чейин ойнолот. Оюнчулар кезек менен тике туруп, бутаны бир жолу гана атышат. Жаанын жебеси бутага канча жолу тийсе, жаа тарткан жаатка ошончо упай берилет. Жебе бутага тийбесе упай берилбейт. Калыс упайларды санап. Оюндун акырында жаат башчылары менен бирдикте жалпы санын чыгарат. Кайсы жааттын упайлары көп болсо, ошол жаат утат.