Жабакы, йабаку

Википедия дан

Жабакы, жабагы, йабаку - орто кылымдардагы Ички Азиядагы түркий эл (уруу).

11-кылымда Махмуд Кашгари бул түркий элди "йабаку" деп атаган.

Йабаку-Сувы (Жабакы-Суусу) деген топоним да болгон.

11-кылымда жабакылар Чыгыш Түркстандын түндүк-чыгышында, Чыгыш Теңир-Тоонун Жуңгарияга карай уланган бөлүгүндө жайгашып, ислам динин мамлекеттик дин катары кабыл алган Караханийлер (Каракагандар) каганатына каршы ырааттуу уруш жүргүзүп турушкан.

Алардын айрым уруулары кыргыздардын курамына кошулуп, Кыргызстан аймагына да өткөн.

Жабакылардын айрым топтору кийин башка түрк тилдүү калктарга да жуурулушуп кеткен.

Кыргыз элинин курамындагы жабагы уруусу - теги жана аталышы жагынан дал ушул орто кылымдардагы жабакыларга барып такалат.