Жабык баш –

Википедия дан

Жабык баш – кийиз оюмдары менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тартылуучу кооз буюм; боз үйдүн көрүп отура турган ички кооз жасалгаларынын бири. Мунун түрдүү үлгүлөрү бар. Мис., четине шырдактыкындай эки кат кызыл жиптен чалынып, жээк коюлат. «Бычак учуна» жана эки четине дейре көбүнчө ак менен кызылдан сөөм-карыштай «кыял», «жарым кыял», «бадам» оюмдарынан «ак этек» берилет. Ж-тын ортолугуна көбүнчө шырдакка таандык «сабак оюму» же «түр оюму» көчүрүлөт. Ж. шырдак сымал шырылат. Боз үйдүн аянтына карата тегерек бычылган бул буюм эки же төрт бөлүктөн турат. Айрым учурларда ак өргөлөргө илгери кош Ж. тартылган. үй ээсинин дөөлөтүн, даражасын гана көрсөтпөстөн, эң негизгиси – ошол боз үй тиккен чебердин узчулук дараметин айкындаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]