Жады

Википедия дан

Жады – малга чөп, саман (бакал), пая туурап берүү үчүн колдонулуучу чарба шайманы. Жадынын кескичинин узундугу 60–80 см. Бир учу узун эки жалпак темирдин арасына бекитилет да, жадыны көтөрүп-басып иштеткенде, көп кыймылдабай турган салмактуу жалпак дөңгөчтүн ортосуна оюп киргизилет. Жадынын кескичинин сабы эки колдоп басууга ылайыкталып, жыгачтан жасалат. Жадыда чөп, саман тууроо үчүн 2 адам иштеген. Учурда жады менен иштөө да механикалаштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1