Жаздоо, көктөө

Википедия дан

Жаздоо, көктөө — жазгы мал жайыты. Кыштан чыккан малды эрте жазда, көктөмдө кыштоого жакын жайгашкан жаңы чыгып келе жаткан көккө коё берген. Күн өткөн сайын жаздоонун чөбү саргайып, отун жогото баштаганда, мал бийик тоолорго өрлөй баштаган. Элдин жайлоого көчүү камылгасы жаздоодо башталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.