Жазык кодекси

Википедия дан

Жазык кодексикылмыштуу аракеттер коомдук коркунуч болуп саналарын аныктоочу жана аларды жасагандыгы үчүн жаза өлчөмдөрүн белгилөөчү чаралардын жыйындысы; КР ЖК кабыл алган нормативдик акты. Жазык кодекси эки бөлүктөн турат. Жалпы бөлүгүндө КР жазык кодексинин милдеттери, принциптери жана жоопкерчилик негизи; бул кодекстин колдонулуш чектери; кылмыш түшүнүгү жана түрлөрү; жазык жоопкерчилигине тартылуучулар; күнөө жана анын түрлөрү; жаза түшүнүгү, максаттары жана түрлөрү; жаза белгилөөнүн негиздери; медициналык мүнөздөгү мажбурлоо жана башка чаралар камтылган. Өзгөчө бөлүгүндө кылмыштардын түрү так аныкталып, алардын белгилери ачылып көрсөтүлөт. Кылмыштардын тигил же бул бөлүмдөн орун алышы, алардын тектеш объектисинин бирдей экендигин түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1