Жазылыш кошуу

Википедия дан

Жазылыш кошуу (Record add-Добавление записей). Берилиштерди кошумчалоо зарыл болсо, анда алар жазылыштар түрүндө файлга кошулат. Мисалы, эгер клиент банктан эсеп бет ачса, анда жаңы эсеп бет үчүн жазылыш банктын эсеп бет файлына кошулат. Жазылыштарды кошуу файлды модификациялоонун негизги бөлүгү. Файлга жаңы жазылыштарды кошуунун тартиби төмөнкүчө болот: (1) кызматкер эсеп бет ачуу програмын аткартат; (2) програм клиентин эсеп бетине номер берет; (3) кызматкер клиенттин ысмын жана алгачкы депозитин киргизет; (4) програм кызматкер киргизген берилиштердин тууралыгын аныктайт; (5) програмдык кабар клиенттин жазылышы файлга кошулгандыгын билгизет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]