Жазы-Кечүү көрүстөнү

Википедия дан

Жазы-Кечүү көрүстөнү – биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башындагы археологиялык эстелик. Коло дооруна таандык. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Көк-Бел ашуусунун этегинде, Бишкек–Ош жолунун эки тарабында жайгашкан. Көрүстөн төрт чарчы жана тегерек таш тосмолор менен курчалган байыркы 125 мүрзөдөн турат. Көмүлгөн адамдардын сөөгү бүрүштүрүлгөн абалда же өрттөлүп, күлү карапа идишке салынып, коргончонун ортосундагы чуңкурга көмүлгөн. Көрүстөндүн чуңкурларынын үстүңкү жээги таштар менен бекемделип, такталар менен жабылган. Көмүлгөн адамдардын карапа идиштерин, азем буюмдарын, коло сөйкөлөрүн жана башка буюмдарын кошо көмүшкөн. Карапалар ар кандай геометриялык тулку, оймо-чийме менен кооздолгон. 1970–73-жылдары археолог Н. Г. Галочкина изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]