Жазы тасма курт

Википедия дан
Жазы тасма курт.

Жазы тасма курт (лат. Diphyllobothrium latum) – тасма мите курт. Жыныстык жетилген курттун (стробила) узундугу 7–10 м, кээ бирөөлөрү 20 мге чейин жетет, 3–4 миң муунактан турат. Баш бөлүгү ичке келип, эки жагында жылгачалары (ботриялар) бар. Ар бир муунагында бирден гермофродиттүү жыныс комплекси болот. Жырткыч сүт эмүүчүлөр (мышык сымалдар, түлкүлөр, ит сымалдар жана башка) менен кишинин митеси. Акыркы ээси – киши, 2 аралык ээси – циклоп жана жырткыч балыктар. Акыркы ээсинин заңы менен жумурткага толгон жетилген муунакчалар тышкы чөйрөгө түшөт. Жумуртка суу чөйрөдө кирпикчелүү корацидийге – алгачкы личинкага айланат. Кийинки этап эки аралык эсин алмаштыруу менен өтөт. Биринчи аралык ээси – циклоп же калак буттуу ракчалар корацидийди жутуп алат. Анын денесинде процеркоиддер өөрчүйт. Кийинки аралык ээси жырткыч балыктар (чортон балык, налим, алабуга жана башка) биринчи аралык ээсин жегенден кийин, алардын булчуңдарында жана ички органдарында узундугу 5–10 мм – плероцеркоиддер өөрчүйт. Киши чала бышырылган, чала куурулган, чала туздалган, кээ бир учурда чийки, тоңдурулган балык жегенде жугат, плероцеркоидден жыныстык жактан жетилген жазы тасма курт пайда болот. Кишиде дифиллоботриоз оорусун пайда кылат, аны дарылабаса өлүмгө алып келүүсү мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1