Жайлообаев Ормонбек Назарматович

Википедия дан

Жайлообаев Ормонбек Назарматович (10.10.1949-ж.т., Ала-Бука району, Баймак айылы) - коомдук ишмер.

Кызыл-Кыя тоо техникумун (1969), Фрунзе политехникалык институтун (1975) бүткөн.

  • 1967-1989жылдары“Сүлүктү көмүр” өндүрүштүк бирикмесинде жумушчу, электрослесарь, Терек-Сай кен башкармасында электрослесарь, тоо мастери, бургулоо жана жардыруу иштеринин начальниги, өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн башчысы, башкы кенчи (главный горняк), башкы инженердин орун басары, башкы инженер болуп эмгектенген.
  • 1989-1992-жылдары «Уралэнергоцветмет» илимий өндүрүштүк бирикмеге караштуу Сумсар шаарчасындагы тажрыйба заводунун директору.
  • Сумсардагы заводдун жалпы кызматкерлеринин санын 220 дан 550 иштөөчүгө жеткизген.
  • 1992-жылы Жалал-Абад областык мамлекеттик администрация башчысынын (акиминин) өндүрүш боюнча орун басары болуп иштеген.
  • 1993-1995-жылдары жеке бизнес менен алектенген.1995-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын тоо-кен металлургия кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Башкы техникалык инспектору,
  • 1997-2010-жылдары төрагасы,
  • 2010-жылдан Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төраганын орун басары.

Терек-Сай жана Сумсар поселкалык Кеңешинин (1983-91), Чаткал райондук Кеңешинин депутаты (1986-1992). Бир катар Эл аралык профсоюз уюмдарынын мүчөсү.”Ардак белгиси” ордениДыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6