Жайнычылык

Википедия дан

Жайнычылык – биздин заманга чейин 6–5-кылымдарда буддизм менен бир мезгилде брахманизмдин касталык, ак сөөктүк туюк системасына каршы чыгуу менен Веда адабиятынын кадыр-баркын четке каккан жана калктын бардык катмарлары үчүн ачык болуп саналган индиялык диний-философиялык окуу. Анын негиздөөчүсү – дүйнө кезген кечил Вардхамана. Кийинчиреек ага Махавира (санскриптчеден “Улуу баатыр”) жана жина (“Жеңүүчү”) деген эпитеттер ыйгарылган (бул эпитеттер ойчулдун ысымы катары да колдонулат). “жина” эпитетинен Жайнизм окуусунун аталышы пайда болгон. Жайнизм философиясы толугу менен Кудайларды четке кагат жана курчап турган дүйнөнүн чындык экендигин ырастайт. Жайнизм салтуу традициялуу диний системага тап-такыр окшошпойт жана Индиядагы диний системалардан айырмаланып, рационализмге ашкере сугарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8