Жайпур

Википедия дан
Жайпур.

ЖайпурИндиянын Түндүк-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын администрациялык борбору. Аравалли тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 431 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2011). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Жеңил (кебез кездеме), химиялык, цемент, айнек-карапа, электр-техникалык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн жана ташты чегелөө) өнүккөн. 1728-жылы негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни жана Чандра-Махал ак сарайы менен), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-кылымдын 2-жарымы; анын фасадында 953 терезе бар) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5