Мазмунга өтүү

Жайсаң

Википедия — ачык энциклопедия

Үч Жайсаң


Эпосто үч Жайсаң бар.

Биринчиси Кырк чоронун бири Үмөт уулу Жайсаң. Бардык учурда манасчылар:

Үйшүндөрдүн Үмөтү,

Үмөт уулу Жайсаңы, - деп айтышат.

Сары Үсөн (үйшүн, сары үйсүн) уруусу Лейлек районунда жашашат.

Экинчиси. Бай Жайсаң. Алтайдын Кең Аралын жердеп жаткан Жакыптын уулу Манасты өлтүрөм деп Нескара алты миң аскер менен жөнөп,

Эки күнү жол жүрүп,

Жол жүрсө да мол жүрүп

Маңгулдун журтун басыптыр,

Жайытта жаткан жылкысын

Тийип алып качыптыр,

Айдап жолго салыптыр.


Жайсаңбай деген бай экен,

Так ошондо Жайсаңда

Он миң жылкы бар экен,

Оңбогондой мал экен.

Манас. Сагымбай Орозбаков, 1978, 193-199-бб.

Үчүнчүсү. Калмактын ырчысы Жайсаң. Калмактын ханы Кайыпдаңдын кызы Карабөрккө Манас үйлөнөт. Ошондо Кайыпдаң Карабөрккө тигип берген үйүнүн форумун:

"Жайсаң ырчы дегени,

Жарым күнү ырдаган" экен.

Манас. Сагымбай Орозбаков. 1980. 10-11-бб.

Профессор Сапарбек Закиров Жайсаң ырчы менен Үмөт уулу Жайсаңды адаштырат жана анын кыргыз экендигин далилдөөгө аракет кылат. Калмактын кызы Карабөрктү 16-к. Илбирс хан, Жолборс хандын тушунда жашап турган кыргыздын эле кызы,-дейт. (412-418-бб.)

Чыныгы илимпоз Омор Сооронов бул Жайсаңды калмак Кайыпдаңдын эшик ырчысы болгондугун өтө таамай белгилейт. Эшик ырчынын эрки кул болот. Эрки кул болгон соң таланты өңкарама, ыры жагынма болот. Өңкарама талант, жагынма ыр ээси эч качан эркиндикти туу туткан улуу чыгарманы жарата албайт.

Манасты алгач Ырамандын Ырчы уулу айткан. Эпостун бардык вариантында Ырамандын Ырчы уулу кырк чоронун бири делип айтылат. Аты эле айтып тургандай кырк чоронун ырчысы. Чоң казатка аттанар алдында Бакайдын ордуна Алмамбетти кол башчылыкка көрсөтүштү. Бул окуяны атпай журтка жеткирүү үчүн

Ырамандын Ырчы уул,

Ычкыры бапик кырк муун,

Тебетейи чоктуу кул,

Айтар сөзү шоктуу кул,

Жаратып атка миниптир,

Жалпы журттун баарына,

Жар чакырып ийиптир.

Манас. Сагымбай Орозбаков. 1982. 122-б.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сагымбай Орозбак уулу. Манас эпосу. 1 т. 1978.(жеткиликсиз шилтеме)