Жайсаң ырчы

Википедия дан

Биринчи манасчы ким болгон деген суроого изилдөөчү Мухтар Ауэзов дагы бир пикир айткан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Ж. деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген. Калмак ырчысы катары айтылат.
Ж. Манас менен Кайыпдандын урушунан кийинки окуяда эскерилет. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын:
Салтанатын көргөндө,
Жайсаң ырчы дегени
Жалаң үйдүн порумун,
Жарым күнү ырдаган.
Ж-нын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14-18кк. Жайсаң деген ат Юань сулалесинин (1260-1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген титулуна байланыштуу пайда болгон ысым.