Мазмунга өтүү

Жайылма толкун лампасы

Википедия дан

Жайылма толкун лампасы - өтө жогорку жыштыктуу электромагнит термелүүлөрүн күчөтүү үчүн электромагниттик жайылма толкун менен бир багытты көздөй кетүүчү электрон агымынын өз ара аракеттенүүлөрү пайдаланылган электр ваакуумдуу прибор.

Жайылма толкун лампасынын негизги милдети - кабыл алуучу жана берүүчү түзүлүштөрдө өтө жогорку жыштыктуу термелүүнү күчөтүү (300 Мгц - 300 Ггц). Бул лампа электрон агымын пайда кылуучу электрон аткычтан, жайылма толкундун ылдамдыгын азайтуучу жайланткыч жана электрон агымын токтотуучу фокус жогорку жыштыктуу термелүүлөрдүн энергиясын жуткучтан турат.

Жайылма толкун лампасы өтө жогорку жыштыктуу термелүүлөрдү күчөтүү менен катар жыштыкты өзгөртүп түзүү жана аны көбөйтүү учун да колдонулат. Бул лампа менен термелүүлөр 30-60 дб ге күчөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.