Жайыт биоценозу

Википедия дан

Жайыт биоценозу – жайыт биогеоценозун түзгөн организмдер тобу. Аны өсүмдүктөр жалпылыгы (фитоценоздор) менен жаныбарлар дүйнөсү (зооценоздор) түзөт. Мында афтотроф организмдердин ичинен чөп өсүмдүктөрү чоң мааниге ээ. Жайыттардагы чөп өсүмдүктөрү – гетеротроф организмдер үчүн негизги азык заттын жана энергиянын булагы. Жайыт фитоценоздорундагы чөп өсүмдүктөрүнүн жалпы саны 4 миңге жакын, алардын басымдуу бөлүгүн татаал гүлдүүлөрдүн жана кылканактуулардын өкүлдөрү түзөт. Ошондой эле чанактуулар, ыраңдар, сары байчечекейлер, эрин гүлдүүлөр, көк базиндер, кайчылаш гүлдүүлөр кездешет. Кээ бир жайыт биогеоценоздорунда шиберлерди жана балырларды да жолуктурууга болот. Ал эми кай биринде дарактар, бадалдар, бадалчалар жана эңилчектер да кездешет. Кыргызстанда 1960–70-жылдары малдын көптүгүнөн Жана башка табигый деңгээлинен четтөөгө дуушар болуп, азыркы учурда калыбына келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1