Жакболот яшма кени

Википедия дан

Жакболот яшма кени Нарын районунда. Нарын шаарынан 55-60 км түндүк-чыгыш тарапта, Туюксуу жана Жакболот сууларын бөлүп турган белде, деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте. 1966-ж. табылган. Кен аймагын ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон чөкмө тоотектер түзөт. Кен гематит-кремнийлүү жана кремний-хлорит-чополуу сланецтердин арасында яшма линзаларынан турган узун тилкени түзүп жатат. Яшманын өңү ачык кызыл, көгүш кызгылтым, боз жана каралжын темгилдүү. Блоктуулугу 51010 см. Оңой сайкалданат. Жылмаланган бет түрдүү түстө кубулуп, анда кооз оймо-чийме пайда болот. Болжол ресурсу ондогон миң м3 жетет. Яшмадан белектик кооз буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]