Жакерия

Википедия дан

Жакерия - (Jacques Bonhomme – баёо Жак дегенден, дворяндар дыйкандарды кемсинтип атаган) – 1358-ж. Франциядагы феодалдарга каршы көтөрүлүш. Жүз жылдык согуш (1337–1453) убагындагы феодалдык эзүүнүн күчөшүнөн, экон. бүлүнүүдөн келип чыккан. Анын башчыларынын бири Гийом Каль болгон. Көтөрүлүшчүлөр (дыйкандар, кол өнөрчүлөр, майда соодагерлер) дворяндардын үй-жайларын кыйратып, өрттөшүп, акысыз иштөө жөнүндө жазылган документтерди жок кылышкан. Бирок Г. Каль алданып колго түшүп, башы алынгандан кийин көтөрүлүш жеңилген. Жакерия дыйкандардын жеке көз карандылыктан бошонуусуна шарт түзүп, Франциянын тарыхында терең из калтырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1