Жакеш Абиков

Википедия дан

Абиков Жакеш Жыгаччы. 1925-ж. Ысык-Көл районундагы Көк-Мойнок совхозунда төрөлгөн.

Орто билимдүү. Темир жолдо, Токмоктогу боз үй жасоочу фабрикада узанган. Уста Чодронов Жумакадырдан таалим алган. Жакеш түндүкчү катары белгилүү. Анын түндүк жасоочу аспабы - төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймекей үч лому бар тегерек дөңгөлөк. Оболу талды же теректи кыйып, корго салып 2-3 саат кызытат. Жыгач кызыгандан кийин дөңгөлөккө чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай ийип бекитет. Аны бир айдан кийин гана алат. Түндүктүн экинчи жаагы жыгачтын ыңгайына жараша эки-үч бөлүктөн турушу мүмкүн. Ошентип, адегенде түндүктүн алкагын бүтүрүп алат. Анан чамгарагын салат. Бул үч-төрт чыбыктан турат. Анан уук көздөрү тегерете көзөлөт. Уста түндүктү тал, терек, кайыңдан жасайт. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек кийгизип, ага түрлөнтүп оюм чийим түшүрүү нускасы бар. Түндүктүн көзүнөн ууктун башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө коёт. Ал жердикти Казакстандын Илесинен алат. Айына үч үй бүткөрөт. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0