Жакталыш

Википедия дан

Жакталыш - сүйлөмдөгү ээ менен баяндоочтун синтаксистик байланышын билдирүү үчүн, предикативдик мамилени көрсөтүү үчүн кызмат кылат; жак мүчө уланган сөз дайыма баяндоочтук милдет аткарат.

Кандай гана кыймыл-аракет болбосун, ал ар дайым грамматикалык жак - логикалык субъект тарабынан аткарылат, ал бир же бир канча субъект тарабынан аткарылышы мүмкүн, ал эми иштин кайсы жак тарабынан иштелгендиги жак мүчө уланган баяндооч аркылуу туюндурулат. Баяндоочтук милдет аткаруучу атооч менен этиштин жак жана сан боюнча өзгөрүшү жакталыш деп аталат.

Жак эки түрдүү жол менен берилет:

  • 1. баяндоочко жалганган жак мүчө аркылуу: окуучу-мун, мугалим-мин;
  • 2. иштин кайсы жак тарабынан иштелгендигин өзгөчө көрсөтүү максатында жак мүчөлүү баяндооч менен бирге сүйлөмгө жактама ат атоочтон турган ээнин өзү да кошулат: Мен келдим, Айылдаштарыбыз келишти.

Формалдык белгилерине карата кыргыз тилин-деги жак мүчөлөр экиге бөлүнөт:

  • а) жак мүчөлөрүнүн толук түрү;
  • б) жак мүчөлөрүнүн толук эмес түрү.

Этиштер маанисине жана сүйлөмдөгү синтаксистик кызматына карата морфологиялык жагынан түрдүүчө уюшулат. Ушуга карата алар жак мүчөлөрү менен бирдей өзгөрбөйт. Жак мүчөлөрү менен өзгөрүүчү этиштер нагыз этиштер деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4